Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

БУУнун башкы катчысы украин аскерлеринин Донецкини аткылашын сындады

Донецкидеги Текстильщик районундагы базарды эл көп келген жекшемби күнү аткылашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Бирккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерреш Украина Куралдууу күчтөрүнүн Донецкини аткылап 27 адамдын өмүрүн кыйганын сындады. Бул туурасында анын атайын өкүлү айтканын РИА Новости жазды.
"Башкы катчы карапайым элге жана жарандык инфраструктурага кол салууну, анын менен катар эле Донецк шаарынын аткылоого алынышын сындайт", — деп айтылган комментарийде.
Өкүл карапайым элге жана жарандык инфраструктурага кол салуу эл аралык гуманитардык укуктарды бузуу экенин жана ал тез арада токтотулушу керектигин айткан.
"Эл аралык гуманитардык эреже жөнөкөй эл менен жарандык инфраструктурага кол салууга тыюу салат. Мындай кылган болбойт жана аны токтотуу керек", — деген ал.
Эске салсак, 21-январда Украинанын Куралдуу күчтөрү Донецкинин Киров районуна чабуул койгон. Текстильщик району артиллериялык апаатка кабылган, тагыраагы, аталган аймактагы базарды эл көп келген жекшемби күнү аткылашкан. ДЭР башчысы Денис Пушилин аталган кол салуудан каза тапкандардын саны учурда 27ге жеткенин, 25 киши жаракат алганын билдирген. Жалпы ДЭР боюнча жекшемби күнү 28 адам көз жумган.
Россиянын Тышкы иштер министрлиги украин күчтөрүнүн Донецкиге жасаган чабуулун кескин сынга алып, эл аралык структуралар менен өкмөттөрдү да бул кадамды сындоого чакырды.
Ведомство Киевдин террордук чабуулу өлкөнүн тынчтыкка дипломатиялык жол менен келүү ниети жоктугун көрсөтөрүн белгиледи.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донецкиге жасалган соккудан көз жумгандардын саны 25ке жетти