БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Өнүктүрүү фонддорунан берилген каражат аты айтып тургандай эле өнүгүүгө жумшалсын. Юбилей, тойлорго кетти деген сөздөр болбосун. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Белгилей кетсек, өкмөт башчы — президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров бүгүн жети облустун башчыларын, Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлерин чогултуп отчетторун, 2024-жылга карата пландарын укту.
Жыйында Жапаров облус жана райондук өнүктүрүү фондуларына жалпысынан 2,8 миллиард сом түшүп, анын 1,7 миллиарды иштетилгенин белгиледи.
"Өнүктүрүү фонддору" деп аты айтып тургандай, каражат өнүктүрүүгө гана жумшалсын. Юбилей, тойлорго кетти деген сөздөр болбосун. Пайдалуу иштерге сарпталышын көзөмөлгө алгыла, багыт бергиле", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле бир жумалык окутууда өнүктүрүү фонддору менен эффективдүү иштешүү, бизнес-пландарды түзүү боюнча маалыматтар берилерин кошумчалады.