"Ак-Тилектен" 50 миллион сомдук дары-дармектин мыйзамсыз партиясы табылды

Учурда республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмү, кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бар-жогу такталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. "Ак-Тилек" чек ара бекетинен кымбат баалуу дары-дармекти мыйзамсыз ташып бараткан автоунаа аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
1 / 3

"Ак-Тилек" чек ара бекетинен кымбат баалуу дары-дармекти мыйзамсыз ташып бараткан автоунаа аныкталды

2 / 3

Алдын ала маалымат боюнча, товардын баасы 50 миллион сомдон ашат. Volvo үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу "айыл чарба азыктарын жүктөп баратам" деп жалган документтерди көрсөткөн.

3 / 3

Текшере келгенде машианын ичинен 450 кутудан турган дары-дармектин ири партиясы табылган

Алдын ала маалымат боюнча, товардын баасы 50 миллион сомдон ашат. Volvo үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу "айыл чарба азыктарын жүктөп баратам" деп жалган документтерди көрсөткөн. Текшере келгенде машианын ичинен 450 кутудан турган дары-дармектин ири партиясы табылган.
Учурда УКМК республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн, кызмат адамдарынын катыштыгы бар-жогун аныктоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.
Бишкекте аял антибактериялык препарат сайылгандан кийин көз жумганы айтылды