Кыргызстандык жөө күлүктөр Азия чемпионатынан эки медалга ээ болушту. Сүрөт

16 мамлекеттин күчтүү атлетчилерин бириктирген мелдеш Гонконгдо болуп өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кыргызстандык Илья Тяпкин менен Гүлшаной Сатарова Гонконгдун Standard Chartered Hong Kong Marathon иш-чарасынын алкагындагы марафон боюнча Азия чемпионатынан олжолуу болушту. Бул тууралуу Жеңил атлетика федерациясы кабарлады.
1 / 2

Кыргызстандык Илья Тяпкин менен Гүлшаной Сатарова Гонконгдун Standard Chartered Hong Kong Marathon иш-чарасынын алкагындагы марафон боюнча Азия чемпионатынан олжолуу болушту

2 / 2

Сатарова марага 2 саат 36 мүнөт 32 секундада келип, аялдар арасында күмүш медалга ээ болду. Ал эми Тяпкин 2 саат 18 мүнөт 18 секундада келип, эркектер арасында коло медалга татыды.

Аталган марафон Дүйнөлүк жеңил атлетика ассоциациясынын критерийи боюнча алтын лейблге ээ. Ага дүйнөнүн 16 өлкөсүнөн келген мыкты спортчулар катышкан.
Сатарова марага 2 саат 36 мүнөт 32 секундада келип, аялдар арасында күмүш медалга ээ болду. Ал эми Тяпкин 2 саат 18 мүнөт 18 секундада келип, эркектер арасында коло медалга татыды.
"Бул ата мекендик спорт үчүн чоң жетишкендик, анткени аталган марафон кыйла татаал жана абройлуу болуп эсептелет. Спортчуларыбыздын байгеси жөө күлүктөргө жана жеңил атлетиканын өнүгүшү үчүн стимул болуп берет деген ишенимдебиз", — деди Жеңил атлетика федерациясынын башкы катчысы Мелис Надыров.
V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Астанада сентябрда өтөрү айтылды