Трамп АКШны таштанды төккөн жайга окшоштурду

Өлкөдө кийинки президенттик шайлоо ушул жылдын ноябрында өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Президент Жо Байдендин жүргүзгөн саясатынан улам АКШ калган дүйнө үчүн таштанды жайга айланып калды. Бул тууралуу мурунку өлкө башчы Дональд Трамп Нью-Гемпшир штатында тарапташтары менен жолугуп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, учурда АКШдагы демократия кооптуулукта.
Эскерте кетсек, шейшемби күнү аталган штатта алгачкы фракциялык шайлоонун алкагындагы иш-чаралар өтүп, анда республикачылар президенттик шайлоого кимди талапкер кылып алып чыгарын чечишет.
АКШда кийинки президенттик шайлоо 2024-жылдын ноябрында өтөт. Ага талапкер болууга Дональд Трамп, Флорида штатынын губернатору Рон Десантис жана АКШнын БУУдагы мурунку туруктуу өкүлү Никки Хейли ат салышууда. Шайлоого чейинки жарыштан буга чейин экс-вице-президент Майк Пенс, Түндүк Дакотанын губернатору Даг Бергум, Арканзастын мурунку губернатору Аса Хатчисон, Түштүк Каролина штатынан сенатор Каролина Тим Сотт, бизнесмен Вивек Рамасвами жана Нью-Джерси штатынын экс-губернатору Крис Кристи четтетилген. Өлкөнүн учурдагы президенти Жо Байден да Демократиялык партиядан талапкерлирин коерун айткан болчу.
Трамп: дүйнө эч качан үчүнчү дүйнөлүк согушка мынчалык жакындаган эмес