Балдардын майыптыгы боюнча жөлөк пулду кантип алса болот? Министрликтин жообу

Жыл башынан бери өлкөдө 37 494 бала майыптыгы боюнча жөлөк пул алат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги балдардын майыптыгы боюнча жөлөк пул алуу үчүн кандай документтер керектигин тизмектеп берди.
“18 жашка чыга элек майыптуулугу бар балага жөлөк пул алуу үчүн жашаган жери боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына кайрылуу зарыл. Арызды ата-энеси тапшырат. Эгерде бала өзүнчө жашаса, анда ата-энеси (асырап алуучулар, камкорчулар, көзөмөлдөөчүлөр) жашаган жери боюнча кайрылса болот”, — деп билдирди министрлик.
Арыз тапшыруу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
арыз ээсинин паспорту;
баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
жашаган жери боюнча каттоо жөнүндө маалымат;
Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын майыптыкты тастыктаган маалыматы.
Кыргызстанда 2024-жылдын башына карата 18 жашка чейинки 37 494 бала майыптыгы боюнча жөлөк пул алат. 2021-жылдын күз мезгилинен бери президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, жөлөк пул көтөрүлүп, учурда майыптыгы бар ар бир балага сегиз миң сомдон төлөнө тургандыгы маалым болду.
Кыргызстанда жумушсуздардын саны 7 пайызга кыскарды