Эми ЕАЭБ алкагында автомобиль менен жүк ташууда беш мамлекет ичинде уруксат документтери талап кылынбайт. Тактап айтканда, үчүнчү мамлекеттерге өтпөй, ЕАЭБ ичинде ташылган автожүктөр боюнча бир мамлекеттен экинчисине өтөрдө эч кандай уруксат кагаз суралбайт. Бул тууралуу Арзыбек Кожошев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, уюмга мүчө мамлекеттер ортосунда бирдиктүү темир жол тарифи иштейт.
"2023-жылды жыйынтыктап жатып биз Евразиялык экономикалык транспорт коридорлорун өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планын бекиттик. Документ ЕАЭБде бирдиктүү транспорт мейкиндигин түзүү боюнча жасалчу 10 долбоорду өзүнө камтыйт. Бул долбоорлор дүйнөлүк транспорт системасына интеграцияланууга багытталган. Мындан сырткары, биримдик ичинде инфраструктуралык интеграциялык жети долбоор бекитилген. Кыргызстанга тиешелүүсүн айта турган болсом, Григорьевка — Балыкчы темир жолу, Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече — Макмал — Жалал-Абад темир жолун куруу ири долбоорлору бар. Албетте, мындай чоң долбоорлор эртең эле ишке ашып кетет деп айткандан алысмын. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун мисалга алсак болот. Учурда Кытай Европага товарын негизинен Казакстан аркылуу ташып өтөт. Эгер Кыргызстандын түндүк менен түштүгүн бириктирген темир жолдор курулса, бул дагы Кытайдын башка мамлекеттерге товар жеткирүүсүндөгү ЕАЭБ өлкөлөрү аркылуу өткөн альтернативдүү жол болуп калат,"— деди Кожошев.
Ал алдыда Евразия экономикалык биримдигинде транспорт багытында документ жүгүртүүнү санариптештирүү маселесине басым жасаларын кошумчалады.