Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Донецкиге жасалган соккудан көз жумгандардын саны 25ке жетти

РФ ТИМинин билдирүүсү боюнча, Киевдин террордук чабуулу өлкөнүн тынчтык орнотууга саясий эрки жетпей турганын көрсөтүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Украина Куралдуу күчтөрүнүн Донецкинин түштүк-батышындагы базарды аткылоосунан көз жумгандардын саны 25ке жетти. Бул тууралуу ДЭР жетекчиси Денис Пушилин Telegram каналы аркылуу билдирди.
"Мындан тышкары, кеминде дагы 20 киши жаракат алган, арасындагы эки баланын абалы орто оор деп бааланып жатат. Жабырлануучулардын баарына тиешелүү жардам көрсөтүлүүдө. Оор жаракат алгандар бар, айрымдарынын буту-колу үзүлүп кеткен", — деди Пушилин.
Анын айтымында, кварталга сокку 152 мм жана 155 мм калибрлүү артиллериялык куралдан жасалган. Украина Куралдуу күчтөрү Текстильщик кичи районундагы базарды эл көп келген жекшемби күнү аткылаган.
Россиянын Тышкы иштер министрлиги украин күчтөрүнүн Донецкиге жасаган чабуулун кескин сынга алып, эл аралык структуралар менен өкмөттөрдү да бул кадамды сындоого чакырды.
Ведомство Киевдин террордук чабуулу өлкөнүн тынчтыкка дипломатиялык жол менен келүү ниети жоктугун көрсөтөрүн белгиледи.
"Атайын аскердик операциянын зарылдыгы айкын. Украина тараптан эч кандай кооптуулук болбой, терактылар жасалбашы керек", — дешти ТИМден.
Донецкиге жасалган сокку Россиянын сурамы менен БУУнун Коопсуздук кеңешинин дүйшөмбү күнү Украина боюнча өтө турган жыйынындагы талкууланчу тема болот. Ага ТИМ жетекчиси Сергей Лавров катышмакчы.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Америкалык мурдагы чалгынчы Украина согушу үчүн россиялыктардан кечирим сурады