Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Конгрессвумен Зеленский тынчтык сүйлөшүүсү тууралуу суранганын билдирди

Грин кеп 60 миллиард доллар жөнүндө болуп жатканын айтып, бийликтин мындай аракетин келесоолук деп атады.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Владимир Зеленский Давостогу экономикалык форумда тынчтык сүйлөшүүлөрү жөнүндө сурады, бирок Вашингтондо согуштун отун тутанткандар жанталашып Украинадагы жаңжалды улантуу үчүн жаңы каржылоо алууга аракет кылууда. Бул туурасында АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Марджори Тейлор Грин Х социалдык баракчасына жазды.
Ал кеп 60 миллиард доллар жөнүндө болуп жатканын айтып, мындай аракетти келесоолук деп атаган.
Грин украин жаңжалы "Америка согушу" болуп эсептелерин, муну Киевге дагы акча бөлүүнү жактап жаткандар далилдеп турганын кошумчалады.
"Мындан ары Украинага эч кандай акча берилбесин! Алардын тынчтыкты орнотуп алышына уруксат бергиле", — деди конгрессвумен.
Жо Байдендин администрациясы америкалык Конгресстен бир нече ай мурда улуттук коопсуздук максатында каражат бөлүүнү сураган. Ак үй 106 миллиард доллар алууну каалап жатат, анын ичинен 60 миллиарды Украинага жөнөтүлмөк.
Америка бийлиги узаган жылдын соңунда Украинаны колдоо үчүн каражаты түгөнгөнүн билдирген, Конгресс жаңы каржылоого макулдук бергенче курал-жарак жана ок-дары жеткирүүгө чамасы жок.
Россия өткөн жылдын 24-февралында Украинага атайын операциясын баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери киевдик режим тарабынан геноцидге жана мазактоого кабылган элди коргоо" деп атаган. Бирок АКШ менен анын НАТО боюнча союздаштары ошондон бери Киевге 10 миллиарддаган долларлык курал-жарак жеткирүүдө. Россия Батыш тараптын Украинаны куралдандыруусу орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн ийгиликтүү болушуна өбөлгө боло албашын жана мындан негативдүү жыйынтык чыгышы мүмкүн экендигин, Украинага берилген ар бир курал Россия үчүн мыйзамдуу бута болорун айтып келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Байден конгрессчилер Киевге каралган жардамды токтотушу мүмкүндүгүн моюндады