Жалал-Абадда "Чынчыл күрөөкананын" жетекчилери кармалды

Бул мекеме тиешелүү лицензиясы жок иштеп жатканы аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Жалал-Абадда "Чынчыл күрөөкана" аталышындагы ломбарддын жетекчилери алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул туурасында УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, шаар тургундарынан түшкөн арыздардын негизинде текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада 39 жаштагы А.С.М. жана 29 жаштагы М.Э.Т. күрөөкананы лицензиясы жок мыйзамсыз иштетип, жылдык ставкасы 240 пайыздык каражат беришкен. Ал эми коюп кеткен кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү келишимдеги мөөнөтү бүткөнгө чейин эле өзү билемдик менен сатып, үстөк пайызы күрөөнүн баасынан эбак эле ашып кеткенин жүйө келтиришкен.
Бул факт боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголду. Күрөөкананын ээлери тергөө кабагына камалды.
300%дык үстөк менен акча бергендер аныкталып, бюджетке миллиондор которулду