Таласта инспектор менен тергөөчү президенттин жарлыгын бузганы үчүн жазаланды

Экөө тең мамлекетке 10 миң сомдон айып пул төлөй турган болду.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Таласта инспектор менен тергөөчү президенттин жарлыгын бузганы үчүн жазаланды. Бул туурасында Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, региондук Мамлекеттик архитектура-курулушту көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору Т.С.Д. менчик компания куруп жаткан медициналык борборду текшерип 200 миң сом айып салган. Муну менен ал президенттин жыл соңуна чейин бизнести текшерүүгө мораторий коюу боюнча жарлыгын бузган.
Ал эми Талас ШИИМдин тергөөчүсү С.К. көп кабаттуу үйдүн курулушун өз алдынча текшерип барган. Мындай иши тууралуу автоматташтырылган маалыматтык системага каттаган эмес.
Экөөнө тең 10 миң сомдон айып пул салынганы белгиленди.
Башкы прокуратура ишкерлерди мыйзамсыз текшерүүлөр болгон учурда "Бизнести коргоо" мобилдик тиркемеси аркылуу сүрөт жана видеоматериалдарды жиберүүгө же ишеним телефондоруна: +996 (312) 88-90-33, +996 (500) 19-20-54 чалууга чакырды.
Кыргызстанда дарыканаларды текшерүү башталды. Лицензиясы жок болсо жабылат