Балка менен уруп... Сузакта аялына зомбулук көрсөткөн киши камакка алынды

Кылмышка шектүү баласын сабап жаткан аялына ачууланып ушундай жолго барганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Сузак районунун Көк-Арт айылында аялына зомбулук көрсөткөн киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуя 17-январда болгон. Анда 49 жаштагы киши баласын сабап жаткан аялына ачууланып, аны башы менен сүзүп жиберген. Шектүүнүн айтымында, аялы бөлмөдө турган балка менен анын бутуна уруп жиберерде аны ала калып аялынын желкесине урган. Чырдын жыйынтыгында 38 жаштагы келин алган жаракаттарынан улам аймактык ооруканага жаткырылган.
Ошондой эле кылмышка шектүү бул окуяга чейин дагы аялын ур-токмокко алып жүргөндүгү аныкталган.
Облустук милиция аталган факт боюнча "Уруп-сабап кыйноо" беренеси менен кылмыш иши козголгонун, учурда тергөө жүрүп жатканын билдирди.
Жалал-Абадда 6 жаштагы бала мылтык менен ойноп жатып бөбөгүн атып алган