Телефондун кубаттагычын токко сайган бойдон калтыруу кооптуу. ӨКМдин эскертүүсү

Электр чыңалуусунун кубаттуулугу катуу шамал, бороон болгондо, жаан жааганда, чагылган түшкөндө көп болот. Андыктан мындай учурда бардык үй-тиричилик буюмдарын токтон сууруп коюу сунушталат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Токко сайылган бойдон калган телефон кубаттагыч өрттүн чыгышына алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертип, алдын алуу эрежелерин тизмектеди.
техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам электр кубаты кескин жогорулап кетиши мүмкүн. Бул абал кубаттагыч ысып, түтөп өрттөнүшүнө алып келет;
заманбап телефон кубаттагычы өрткө каршы системасы менен жабдылган. Бирок убакыттын өтүшү менен анын ички тетиктери эскирет. Өзгөчө арзан баадагы жана үч жылдан ашык пайдаланылган кубаттагыч өрт кырсыгына кептейт;
кубаттагыч ысып кеткенин байкасаңыз аны алмаштырганыңыз оң;
кубаттагычты, телефонду, планшеттерди күндүн нуру түз тийген жерге коюуга болбойт;
телефонду токко сайып алып көпкө сүйлөшүүгө, оюн ойноого, кино, видео көрүүгө болбойт;
кубаттагычты электр тогуна сайганда кароосуз калтырбаңыз. Айрыкча, балдар жетпегендей жерде болушу керек жана анын зымы менен ойноого жол бербеңиз;
электр чыңалуусу катуу шамал, бороон болгондо, жаан жааганда, чагылган түшкөндө көп болот. Андыктан мындай учурда бардык үй-тиричилик буюмдарын токтон сууруп коюу сунушталат.
ӨКМ денени үшүк алуудан коргой турган эрежелерди эскертти