Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Еврокомиссар: Евробиримдик жазында Украинага бир миллион ок-дары жеткирет

Европа буга чейин жарымы Кытайдан алынып турган керектүү курал-жарактарды өзү өндүрүүгө даяр экендиги айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Евробиримдик жазында Киевге бир миллион снаряд жеткириши мүмкүн. Бул тууралуу Еврокомиссиянын ички рынок жана коргонуу өнөр жайы боюнча комиссары Тьерри Бретон билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал Таллинде Эстониянын премьер-министри Кая Каллас менен биргелешкен маалымат жыйынына катышты.
"Биз Украинага берген сөзүбүзгө турабыз. Жыл аягына чейин Европада бир миллиондон бир жарым миллионго чейин ок-дары өндүрө алабыз", — деген Бретон.
Анын айтымында, Европа буга чейин жарымы Кытайдан алынып турган керектүү курал-жарактарды өзү өндүрүүгө даяр.
"Биз Европадагы өндүрүштү кеңейтүү үчүн 20-25 компанияга каржылык колдоону жарыялайбыз", — деп белгилеген еврокомиссар.
Ал европалык коргонуу продукцияларынын дээрлик 40 пайызы сыртка кетерин кошумчалаган.
"Андыктан азыр өндүрүп жаткан нерсебиздин баары эми биринчи кезекте Украинага жеткирилишине ынанышыбыз керек", — деп кошумчалаган Бретон.
Ал эми премьер Каллас Евробиримдик Украинага миллион ок-дары жеткире аларын билдирген.
"Эгерде резервдерди иштетип, калыбына келтирүү мүмкүнчүлүктөрүбүздү колдонсок жана жаңы сатып алууларга каражат бөлсөк, биз муну жасай алабыз деп ишенем", — деген ал.
Жолугушууда ошондой эле Европанын коргонуу даярдыгын жогорулатууга көбүрөөк инвестиция тартуу зарылчылыгы, анын ичинде Еврокомиссиянын коргонуу өнөр жайынын стратегиясы талкууланды. ЕК аны февраль айынын аягында иштеп чыгууну көздөөдө.
"Келечектеги стратегия кризис учурунда Европанын өндүрүштүк дараметин жогорулатат деп үмүттөнөм. Бардык мүчө мамлекеттердин коргонуу өнөр жайынын кубаттуулугуна, анын ичинде ок-дары өндүрүүгө жумшаган инвестициялары Европанын коопсуздугун камсыз кылуу жана Украинага жардам берүү үчүн жетиштүү болушу керек", — деген Каллас.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Конгрессвумен Зеленский тынчтык сүйлөшүүсү тууралуу суранганын билдирди