Бишкекте жаңы автобус каттамы ачылат. Маршруту

Жаңы каттамдар 22-январдан тарта ишке кирери айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Бишкекте жаңы, чоң айланма жол менен жүрүүчү автобус каттамы ачылууда. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 22-январдан тарта 55-номерлүү 20 автобус шаардыктарды тейлей баштайт.
"Каттам Чоң-Арык айылынан айланма жол менен жүрүп, Байтик баатыр, Жибек Жолу, Ч. Айтматов көчөлөрүн камтыйт. Маршруттун узундугу 24 чакырым, ал эми автобустар 10 мүнөттүк интервал менен жүрөт", — деп айтылат маалыматта.
Мэрия буга чейин Бишкекте автобустар үчүн бир чоң шакекче жана анын ичинде перпендикуляр кыймылды камсыз кылган бир нече чакан шакекчени түзүүнү пландаган.
Коюу тумандан улам "Ош" аэропортундагы каттамдар кармалууда