Улуттук банктын алтын корунун баасы 9,3 млрд. сомго төмөндөдү

Декабрдын башында алтын корунун наркы рекорддук көрсөткүчкө жеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Өткөн жылдын декабрында Улуттук банктын алтын запасынын баасы 9 миллиард 341,2 миллион сомго азайды.
Маалымат Улуттук банктын сайтынан алынды:
декабрь айынын башында — 136 миллиард 754,8 миллион сом (рекорддук көлөм);
январдын башында —127 миллиард 413,6 миллион сом (учурдагы көрсөткүч тарыхта экинчи ирет болуп жатат).
Алтын корунун наркынын төмөндөшү эмнеге байланыштуу экени айтылган эмес. Отчеттук мезгилде алтындын дүйнөлүк баасы бир аз өскөн, ал эми Улуттук банктын расмий курсу сегиз тыйынга арзандаган.
Белгилей кетсек, соңку убактарда алтын запасынын баасы тынымсыз өсүп жаткан, мисалы, өткөн жылдын башында ал 81,3 миллиард сомго бааланган болчу.
Былтыр 11 айда сыртка 420 млн. доллардан ашык акча которулган