БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Абадан коргонуу күчтөрүнө таандык тик учактын кырсыкташы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камолидинов билдирди.
Иш Кылмыш-жаза кодексинин "Учуунун же ага даярдык көрүүнүн эрежелерин бузуу" беренеси боюнча козголду. Тергөө амалдарын Аскердик прокуратура жүргүзүүдө.
Эске салсак, 2024-жылдын 17-январында эртең менен Бишкектин батыш тарабында Ми-8МТВ үлгүсүндөгү тик учак окуу-машыгуу учурунда 23565 аскердик бөлүктүн аймагына кулап түшкөн. Кырсыктан экипаждын 29 жаштагы командири Жайыл Самудинов каза таап, 10 аскер жабыркаган. Окуя боюнча кылмыш иши ачылып, тиешелүү тараптардын иликтөөсү жүрүп жатат.