БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Жай жарандар Россия менен жакынкы 20 жылга созула турган жапырт согушка даярданышы керек. Бул туурасында НАТОнун аскер комитетинин жетекчиси Роб Бауэрдин айтканын РИА Новости жазды.
Агенттик The Telegraph басылмасына таянган.
"Биздин тынчтыкта жашап жатканыбыз жөн жерден эле болуп калган жок. Дал ушул нерседен улам Россия менен болгон чатакка даярданышыбыз шарт. Баарына даяр турган жакшы. Анын болору же болбосуна карабай адамдарды согуш чыгып кеткен кырдаалга даярдаган системаны түзүшүбүз керек", — деген ал.
Бауэр Түндүк атлантикалык союзга расмий түрдө кирер алдында элин согушка даяр болуусун алдын ала эскерткен Швецияны мактаган.
"Баары ушундан башталат. Баарын пландоого мүмкүн эместиги жана баары жакынкы 20 жылда жакшы болбой турганын сезүү", — деген ал.
Бауэр, мындан сырткары, курал жана ок-дарыны жасоодо кеңири мүмкүнчүлүк болушу үчүн өнөр жайды жаңылоого чакырган.
2023-жылдын октябрь айында Германиянын коргоо министри Борис Писториус да Европада болуп кетүү ыктымалдыгы бар согушка даярданууга чакырган. Ага жооп кылган Мамлекеттик Думанын Крымдан шайланган депутаты Михаил Шеремет немец бийлиги өзүнүн агрессиялуу саясаты менен Европа өлкөлөрүндө согуш отун тутантып жатканын белгилеген. Анын айтымына караганда, аймактагы тынчтык менен аманчылыктын кепилдиги — Россия менен болгон ынтымактуу коңшулук.
Москва НАТОнун бир дагы мамлекетине кооптуулук жаратпай турганын бир нече ирет айткан, бирок анын кызыкчылыгына коркунуч келтиргендерди көз жаздымда калтырбай турганын да ачык, даана эскерткен. Муну менен катар эле тең позициянын негизинде ачык диалогго даярдыгын, ал эми Батыш Европанын милитаризациялоо багытынан баш тартуу керектигин айткан.