Радио

Кыргызстанда өткөн жылдарга караганда тышкы миграциянын агымы азайды

Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин миграция маселеси боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Жыпара Мамбетова кыргызстандыктар чет өлкөгө эмгек миграциясына акча табуу жана тажрыйба топтоо максатында чыгарын айтты.
Sputnik
Кыргызстанда өткөн жылдарга салыштырмалуу тышкы миграциянын агымы азайды. Буга чейин миграцияда 1 миллиондун тегерегиндеги киши болсо, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча, расмий көрсөткүч 643 миң 837 адамды түзгөнүн Жыпара Мамбетова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, чет өлкөгө иштөөгө жумуш берүүчү тарабынан бөлүнгөн квоталар көп учурда толбой калат.
"Миграцияны дүйнөлүк процесс катары кабыл алышыбыз керек. Мисалы, дүйнөдө 300 миллиондон ашуун адам миграцияда жүрөт. Анын ичиненен эмгек миграцияда жүргөнү бар, качкындар, кыска убакытка иштегендер, окугандарды айтууга болот. Бизде көбүнесе экономикалык фактордун айынан акча таап келүү жана тажрыйба топтоо максатында эмгек миграциясына чыгат. Бирок буга чейинки жылдарга салыштырмалуу 2023-жылы миграциянын агымы азайды. Буга чейин расмий түрдө 1 миллиондун тегерегиндеги киши миграцияда болсо, жыл жыйынтыгы менен Тышкы иштер министрлигинин атайын берген эсебинде 643 миң 837 адамды түзгөн. Иш берүүчү өлкөлөр менен министрлик келишим түзүп, түрдүү багытта жумушка кетишет. Бирок көп учурда бөлүнгөн квоталар толбой калууда. Анткени тил билбегенинен улам бара албай калгандар көп", — деди Мамбетова.
Ошондой эле адис көп жылдардан бери чет өлкөлөрдө жашап, иштеп жаткан мекендештер акырындык менен ишкердикке өтүп, ийгилик жаратып жаткандар көбөйгөнүн кошумчалады.