УКМК Көлбаевдин эки машинасы маморгандарга берилди деген маалыматты төгүндөдү

Өткөн жылдын ноябрь айында Көлбаевге тийиштүү алты автоунаа аукционго коюлуп, бирок сатып алуучулар табылган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. УКМК Камчы Көлбаевден алынган эки автоунаа мамлекеттик органдарга берилди деген маалыматты төгүндөдү.
Ведомство өз функциясын аткаруу үчүн өзүндө жетиштүү автомашина бар экенин белгиледи.

"УКМК жарандарды провокациялык маалыматтарга ишенбөөгө чакырат", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги Камчы Көлбаевге таандык эки автоунаа УКМК менен Президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берилгенин кабарлаган.
Өткөн жылдын ноябрь айында Көлбаевге тийиштүү алты автоунаа аукционго коюлуп, бирок сатып алуучулар табылган эмес. Көлбаевдин мүлкү өз каалоосу менен өткөрүп берүү келишиминин негизинде аукционго коюлган. Документке үй-бүлө мүчөлөрү кол койгон.
2017-жылкы Mercedes-Benz S600 автоунаасы
Маммүлктү башкаруу агенттиги 2019-жылкы Kia X-Line УКМКга берилгенин тастыктаган. Буга чейин коюлган аукциондо 1,1 миллион сом суралып, бирок сатып алуучулар табылган эмес.
Ал эми 25,5 миллион сомго бааланган 2017-жылкы Mercedes-Benz S600 Президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берилгени белгиленген.
Калган төрт автоунаа экинчи ирет аукционго коюлган.
Бийлик Көлбаевдин автоунааларын сатыкка тергөөсүз койгонун түшүндүрдү