Бишкектин четинде цех өрттөнүп кетти. Сүрөт

Өрт өчүрүүчүлөр 10 кислород баллонду сыртка чыгарып жарылууну алдын алышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкектин жанындагы айланма жолдо цех өрттөнүп кеткенин ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 2

Бишкектин жанындагы айланма жолдо цех өрттөнүп кеткенин ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты

2 / 2

Өрттү өчүрүүгө таңкы саат 03:41ден тарта жалпы беш бригада жана штаб тартылган

Өрттү өчүрүүгө таңкы саат 03:41ден тарта жалпы беш бригада жана штаб тартылган. Саат 04:56да жалын чектөөгө алынып, саат 05:58де толук өчүрүлгөн.
"Өрт өчүрүүчүлөр ишкананын ичинен 10 кислород баллонду сыртка чыгарып, жарылууну алдын алышкан. Такталган маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Учурда кырсыктын эмнеден келип чыкканы текшерилип жатат", — деп айтылган маалыматта.
ӨКМден жалпы аянты 360 чарчы метрди түзгөнүн жана аталган жайда темир буюмдар жасалганын айтышты.
Бишкекте өрт чыкты. Видео