БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. "Ош" базарындагы "Берекет гранд" жана "Берекет универсал" соода комплекстеринде сатуучулардан ири өлчөмдө мыйзамсыз акча чогулткан делип аталган базар комплекстеринин негиздөөчүсү менен башкы директору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 2017-жылдан бери "Берекет" ЖАКтын жетекчилери Б.Б.К. жана А.И.Ж ижарачыларды соода комплекстериндеги коммерциялык жайларды сатып алуу-сатуу боюнча жалган келишимдерди түзүүгө мажбурлашкан. Соода кылган жайлардын баасы чарчы метри үчүн 500дөн 2 000 долларга чейин болгон.
"Мындан тышкары, ЖАКтын администрациясы соодагерлердин эсебинен баюу максатын көздөп ижарачылар менен соода-сатык келишимдерин түзүүдө 500дөн 1 000 долларга чейин көмүскө компенсацияларды төлөөгө мажбурлаган. Алар соода аянтчаларын жасалма саткандан кийин ишкерлерден кайра ири өлчөмдө ижара төлөмдөрүн да алып турушкан", — деп айтылат маалыматта.
Аталган соода комплексинде ижарачылар коммерциялык жайларды кайра саткан учурда көйгөй жаралып, ал үчүн да акча алынып турганы кошумчаланды.
"Комплекстин ичиндеги соода жайын ээси кайра сатканда администрациянын талабы менен андан түшкөн пайданын 50 пайызын, мындан тышкары, кайра каттоо үчүн 100 миң сом "Берекет универсал" соода борборуна төлөп беришкен", — деп айтылат кабарда.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында "Берекет" ЖАКтын негиздөөчүсү Б.Б.К. жана АКнын президенти А.И.Ж. 19-январда колго түшүрүлүп, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда бул фактыга тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.