20-январга карата аба ырайы

20-январда өлкө аймагында күн бүркөк болуп, көпчүлүк жерлерде кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңуп тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Ишембиде Баткен облусунан башка аймактарда кар жаап, күн сууктайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө -1...-6, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 4...9, Ысык-Көл чөлкөмүндө -2...3, Нарын аймагында жана Талас жергесинде -2...-7 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкекте -2...-4 , ал эми Ош шаарында 7...9 градуска чейин жетет.
"Берекет" соода комплексинин ээси жана директору кармалды