Депутат Токтошев унааларга LED фараларды орнотууга тыюу салууну сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев автоунааларга кошумча жарык берүүчү светодиоддук фараларды орнотууга тыюу салууну сунуштады.
"Авариялык абалга алып келген себептердин бири бул машиналардын фарасынын ичине коюлган LED жана "ай" делген лампалардын коюлушу болууда. Анткени катуу жарык бергендиктен каршы тилкеде келе жаткан айдоочу жолду көрбөй калууда", — деди депутат.
Токтошев мамлекеттик органдар муну катуу тескеп, стандартка ылайык келтирип, болбосо такыр эле тыюу салыш керектигин белгиледи. Антпесе дагы көп адамдын өмүрү кыйылышы мүмкүндүгүн божомолдоду.
Айдоочуларга эскертүү. Январдын аягына чейин рейд жүрөт