Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров Украинанын диалогду создуктурушунун соңу жакшы болбостугун эскертти

Лавров АКШ менен НАТО украин жаңжалын жөнгө салууга таптакыр кызыкдар эместигин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Россия Украина менен сүйлөшүүдөн баш тартпай турганын эске салды. Бул туурасында РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавровдун россиялык дипломатиянын былтыркы ишинин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында айтылды.
"Баш тартып жаткандар канча көпкө создуктурса (сүйлөшүүнү), макулдашуу, бир пикирге келишүү ошончолук оор болорун түшүнбөй жатышат", — деди РФ ТИМинин башчысы.
Лавров Россиянын кандайдыр бир жол менен жеңилип калышына эч кандай "үмүт" жоктугун кошумчалады. Министр АКШ, НАТО да украин жаңжалын жөнгө салууга таптакыр кызыкдар эместигин Россия көрүп турганын, Батыш баарын эскалацияга түртүп жатканын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Германиялык генерал: 2024-жыл Россия-Украина жаңжалын чечүүчү учур болот