Сергей Лавровдун маалымат жыйынынын урунттуу учурлары

Россия Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды толугу менен жөнгө салууда активдүү роль ойноого даяр экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров россиялык дипломатиянын 2023-жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Россиянын тышкы саясат боюнча ведомство башчысы токтолгон урунттуу учурларды окурмандарга сунуштайбыз.
Украина тууралуу:
Украинадагы шайлоо боюнча кырдаал атайылап уюштурулуп жатканын эске салат жана Зеленскийдин бийликте калуу үчүн тырмышып турганын чагылдырат;
Лондон менен Киевдин коопсуздук жөнүндө макулдашуусунда юридикалык жактан милдеттендирген жоболору жок;
АКШ, НАТО да Украинадагы кырдаалды жөнгө салууга таптакыр кызыкдар эместигин көрүп жатабыз;
Россия кандайдыр бир жол менен жеңилип калышына эч кандай "үмүт" жок.
Йемен тууралуу:
АКШ менен Улуу Британия Йеменге сокку уруу менен эл аралык укуктук нормаларды тебелеп-тепсеп салды;
Вашингтондун Йемендеги кырдаал боюнча актануусу болбогон эле бир нерсе.
Палестина-Израиль жаңжалы тууралуу:
Палестина боюнча АКШ, Израиль жана айрым мамлекеттер катышкан жарым-жартылай жабык байланыштар ийгиликтүү болбойт;
Израиль менен Палестинанын мамилеси тикелей диалог менен жөнгө салынышы керек;
Россия Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды толугу менен жөнгө салууда активдүү роль ойноого даяр.
АКШ менен коопсуздук боюнча диалог тууралуу:
Башка маселелерден обочолонуп алып, АКШ менен стратегиялык диалогдун келечеги тууралуу айтууга болбойт;
АКШ куралсыздануу боюнча келишимдерди аткаруу үчүн кабыл алынгыс шарттарды түздү;
Россия 2023-жылы декабрда стратегиялык туруктуулук боюнча АКШга өз баасын берип, андан башка альтернатива жок экенин эскертти.
Лавров: ЕАЭБде евразиялык интеграцияны тереңдеткен чечимдер кабыл алынды