Кыргызстан инфекциялык оорукананы жакшыртуу үчүн Кореядан 27 млн. доллар алат

Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү Кореянын экспорттук-импорттук банкынан 27 миллион доллар кредит алып жатат. Аталган макулдашуу Жогорку Кеңеште экинчи окууда ратификацияланды.
Каражат Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасын жакшыртууга жумшалат. Тагыраагы, учурда иштеп жаткан оорукананы кеңейтүү, заманбап медициналык жабдыктар менен жабдуу каралган. Ошондой эле медиктерди жаңы жабдууларды пайдаланууга үйрөтүү, маалымат системасын түзүү, бейтаптарга көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтын сапатын жогорулатуу, оорукана ичиндеги инфекцияларга өз учурунда алдын алуу чараларын көрүү пландалган.
Келишимдин шарттарына ылайык, корей вону менен 27 миллион доллар эквивалентинен ашпаган өлчөмдө насыя берилет. Аны төлөө мөөнөтү — 40 жыл, жеңилдетилген мезгили — 10 жыл, үстөк коюму 0,1 пайыз жана тейлөө үчүн комиссия ар бир төлөмдүн суммасынан 0,1 пайыз болмокчу.
Кыргызстан төрт шаарды суу менен камсыздоо үчүн чет жактан 18,8 млн. евро алат