Бишкекте коомдук транспортто кыргызча мультфильмдер көрсөтүлө баштады

Бул мультфильмдер "Баластан" телеканалынын буюртмасы менен Кыргызстанда тартылган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Бишкектин коомдук транспортунда кыргыз тилинде даярдалган мультфильмдер көрсөтүлө баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлаы.
Билдирмеге караганда, коомдук транспорттордо "Козулар" жана "Сыйкырдуу калем" аттуу анимациялык фильмдер тартууланууда. "Баластан" телеканалынын продюсери Кундуз Аманованын айтымында, бул мультфильмдер телеканалдын буюртмасы менен Кыргызстанда тартылган. "Козулар" 14 серия, "Сыйкырдуу калем" 9 серия экени белгиленди.
Мэриянын маалымат кызматы бул саамалык тил жөнүндө мыйзамды ишке ашыруу максатында жасалганын айтып, аны Улуттук тил комиссиясы менен мэриянын алдындагы Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти ишке ашырып жатканын белгилеген.
ЖК депутаты кыргыз тили боюнча тесттен эң жогорку упай алып рекорд койду