Көлбаев менен иштешкен. Экс-премьер-министрдин "жакын тууганы" издөөгө алынды

Шектүүнүн 2018-жылдан бери кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен биргеликте ишкерлик кылып келгени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу кирешесин адалдоого шектелип Кыргызстандын мурдагы премьер-министринин М.У.Д. аттуу "жакын тууганы" издөөгө алынды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу кирешесин адалдоого шектелип Кыргызстандын мурдагы премьер-министринин М.У.Д. аттуу "жакын тууганы" издөөгө алынды

2 / 3

Ишенимдүү булактардын айтымында, М.У.Д. мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновдун уулу

3 / 3

Үсөновдун уулуна Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси ("Кылмыш жасоо үчүн уюшкан топко катышуу") боюнча сыртынан иш козголуп, издөө жарыяланганы айтылды

Ишенимдүү булактардын айтымында, М.У.Д. мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновдун уулу.
"Ал 2018-жылдан бери кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен биргеликте ишкерлик кылып келген. Шектүү Камчы Көлбаев менен бирге Ысык-Көлдө "Каганат" пансионатынын аймагындагы Flamingo Bay ресторанына жана Чолпон-Ата шаарындагы White түнкү клубуна ээлик кылган. Мындан тышкары, Көлбаевге таандык деген "Ордо" көңүл ачуу-соода комплексинин 3-кабатына түнкү клуб ачууну пландап жаткан", — деп айтылат маалыматта.
Данияр Усөновдун уулу Бишкектеги "Асман", Social Coffe, Urban, Sushi Room, Red cow, Cakes/bubbles, My shisha, Aroma, "Тесто Место" деген элиталык 10 мекемени тейлеген компаниянын ээси экени айтылды. Атайын кызмат алардан түшкөн акча кылмыштуу топту каржылоого жумшалганын кошумчалады. Мындан тышкары, шектүү Дубай менен Алматыдагы 10 ресторанды тейлеген компанияга ээлик кылып келген.
"Мүлкүнөн түшкөн кирешенин толук көлөмүн жашыруу максатында М.У.Д. жана анын жакын туугандары Чүй облусунун аймагында 180ден ашык жер тилкесин жана Көлбаевге таандык болгон "Каганат" эс алуу борборундагы коттедждерди башка адамдарга каттатып коюшканы аныкталды", — деп жазылат маалыматта.
Мындан улам Үсөновдун уулуна Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси ("Кылмыш жасоо үчүн уюшкан топко катышуу") боюнча сыртынан иш козголуп, издөө жарыяланганы айтылды.
Данияр Үсөнов Курманбек Бакиевдин тушундагы өкмөт башчы кызматынан Апрель революциясынан кийин кол жууган. Үсөновдун өкмөтү болгону 3,5 ай иштеген. Ал Апрель окуясы боюнча сыртынан соттолуп, кийин Даниил Урицкий болуп аты-жөнүн өзгөрткөн, учурда Беларуста жашайт.
Көлбаевден алынган эки машина УКМК менен Президенттин иш башкармалыгына берилди