БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. ЕАЭБде евразиялык интеграцияны тереңдеткен маанилүү чечимдер кабыл алынды. Бул туурасында РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров россиялык дипломатиянын 2023-жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында айтты.
Ал "Бир жол — бир алкак" сыяктуу долбоорлордун, процесстердин эриш-аркакта болушу Евразия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин ШКУ, АСЕАН жана башка түзүмдөр менен өз ара кызматташып иш алып барышын шарттаарын белгиледи.
ТИМ жетекчиси быйыл Россиянын КМШга жетекчилик кыларын эске салды.
"Бишкектеги саммитте түптөлгөн орус тили боюнча эл аралык уюмга да өзгөчө көңүл бурулат. Аталган уюм дүйнөнүн ар бир мамлекети үчүн ачык. Орус тили бардык континеттерге кеңири таралганын билебиз, ал эми бул уюмга кызыгып, катышабыз дегендер көп болот деп эсептейбиз", — деген Лавров.
Эске салсак, Орус тилин колдоо жана жайылтуу боюнча эл аралык уюмду түзүү келишимине 2023-жылы 13-октябрда КМШнын Бишкекте өткөн саммитинде кол коюлган.