ИИМ "Ихсан" турак жай кооперативи боюнча маалымат берди

Учурда турак жай кооперативинин бардык банктык эсеби камакта, тергөө амалдары ИИМдин тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Ички иштер министрлиги "Ихсан Групп ЛТД" турак жай курулуш кооперативинин ишин иликтөөнү улантып жатканын кабарлады.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 17-ноябрында "Ихсан Групп" кооперативинин жооптуу кызматкери А.О.Т. тергөөгө келүүдөн баш тартып качып кеткен. Буга байланыштуу ага карата ИИМдин тергөө кызматы тарабынан 396 факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") менен айыбы сырттан угузулган. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып, издөө жарыяланган.
Ал эми 2022-жылдын декабрь айында кооперативдин Б.А.Т. жана А.Э.К. аттуу жооптуу кызматкерлери жалпы 400дөн ашык факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") менен айыпталып, материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.
"Жогоруда көрсөтүлгөн 400дөн ашык факт боюнча жабырлануучуларга жалпы келтирилген материалдык чыгым 425 миллион сомдон ашкан", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, "Ихсан Групп ЛТД" кооперативинин түштүк регионунун филиалына карата 330 факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергелип жатканы белгиленди. Жабырлануучуларга 276 миллион сомдон ашык материалдык чыгым келтирилген.
"Келишим боюнча турак жайды сатып берүү мөөнөтү өтүп кеткен учурлар кездешкендиктен кооперативге карата жарандар арыз менен кайрылган. Бүгүнкү күндө "Ихсан Групп ЛТД" өз ишмердүүлүгүн улантууда, себеби аталган кооперативге көп киши катталып турак жай алганы белгилүү. Ошол эле турак жай алган жарандар бүгүнкү күнгө чейин кооперативдин банктык эсебине акча каражатын төлөп келет", — деди ИИМ.
Учурда турак жай кооперативинин бардык банктык эсеби камакта, тергөө амалдары ИИМдин тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө.
ИИМ турак жай сатып алуудан мурда турак үйдү курган компания тууралуу маалыматтарга ээ болуп, аларды талдоого чакырды.
Башкы прокуратура: 22 турак жай кооперативине 2 576 кылмыш иши козголду