БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссиянын Кыргызстандан дайындалган министрлери ээлеген кызматында калышты. Бул тууралуу ЕЭКтин сайтында жазылган.
25-декабрда өткөн Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында өлкө башчылары ЕЭК коллегиясынын жаңы курамын бекиткен, ал 1-февралдан тарта ишке киришет. Коллегияга Казакстандын өкүлү Бакытжан Сагинтаев төрагалык кылат.
Кыргызстандан дайындалган эки министр тең ордун сактап калды:
бажы кызматташтыгы боюнча министр Элдар Алишеров;
энергетика жана инфраструктура боюнча министр Арзыбек Кожошев.
Алишеров министр кызматын 2023-жылдан бери, ал эми Кожошев 2022-жылдан тарта аркалап келет. Кожошев "бул Кыргызстандын өкүлдөрү ЕЭК коллегиясына кайрадан дайындалып жаткан биринчи учур" экенин белгиледи.