Радио

Кожошев: дүйнөлүк экономикалык өзгөрүүлөрдү ЕАЭБ чакырык катары кабыл алат

ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев дүйнөлүк экономикада болуп жаткан өзгөрүүлөрдү Евразия экономикалык биримдиги чакырык катары кабыл аларын айтты.
Sputnik
Ушул жылдын 29-майында ЕАЭБдин түзүлгөнүнө 10 жыл толот. Тарыхтын ченеми менен алып карасак, мындай уюм үчүн өтө аз убакыт. Ошого карабай жакшы көрсөткүчтөр бар. Бул тууралуу Арзыбек Кожошев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, уюмга Кыргызстан 2015-жылдын 12-августунда мүчөлүккө өтүп, быйыл тогуз жыл толуп отурат.
"Дүйнөдө ЕАЭБ сыяктуу 60тай экономикалык интеграциялык уюм бар. Алардын он чактысы тез өнүгүп келе жаткан экономикалык биримдик болуп эсептелет, ЕАЭБ азыр ошол ондукта. Быйыл Евразия экономикалык биримдигинин түзүлгөнүнө 10 жыл толду. Албетте, бул — аз убакыт. Ошентсе да ийгиликке жеткен көрсөткүчтөр жок эмес. Мунун баары, биринчиден, уюм ар кандай ресурстарга бай болгондуктан ишке ашууда. Ошону менен катар эле дүйнөлүк экономикадагы өзгөрүүлөргө карабай мыйзамдарды шайкеш келтирип, улуттук мыйзам, эрежелерди бири-бири менен айкалыштырып келебиз. ЕАЭБ өз учурунда дүйнөлүк экономикада болуп жаткан өзгөрүүлөрдү чакырык катары кабыл алып, 10 жылдык ишмердүүлүгүндө аткарылган долбоорлорду андан ары өркүндөтүүгө, жаңы кадамдарды ишке ашырууга алдына чоң максаттарды коюуда," — деди Кожошев.
Ал ЕАЭБге мүчө беш өлкөдөн 10 министр иш алып барарын, 2024-жылы мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу министрлерди кайра дайындоодо жетөө өз ордунда калып, ишмердүүлүгүн улантып жаткандыгын кошумчалады.