Радио

Кыргызстан балдардын рак оорусуна каршы күрөшкөн глобалдык демилгеге кошулду

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун онкология бөлүмүнүн жетекчиси Султан Стамбеков глобалдуу демилге балдардын рак оорусун дарылоонун сапатын жогорулатууга шарт түзөрүн айтты.
Sputnik
Эне жана баланы коргоо улуттук борбору эл аралык "Балдар онкологиясы менен күрөшүү боюнча глобалдык демилгенин" (Global Initiative for Childhood Cancer) программасына кирди. Бул тууралуу Султан Стамбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, демилге 2030-жылга чейин балдардын рак оорусунан аман калуусунун деңгээлин кеминде 60 пайызга чейин жогорулатууга багытталган.
"Балдар онкологиясы менен күрөшүү боюнча глобалдык демилге" Кыргызстанга балдардын рак оорусун диагностикалоонун жана дарылоонун сапатын жогорулатууга шарт түзөт. Арзан жана керектүү дары-дармектерге, технологияларга жеткиликтүүлүк, онкологиялык ооруга чалдыккан балдардын үй-бүлөсүн социалдык колдоо жакшырат. Рак оорусуна чалдыккан балдардын дээрлик 80 пайызы аз жана орто кирешелүү өлкөлөрдө жашашат. Бул мамлекеттерде дарылоо көп учурда жеткиликтүү эмес. Ошондуктан БУУнун Башкы Ассамблеясы балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилгесин 2019-жылы ишке киргизген. Андан бери беш жыл өттү. Бул аралыкта ДССУ 70тен ашык кирешеси төмөн жана орто өлкөлөрдө рак менен ооруган балдарга кам көрүү жакшырганын көрсөттү", — деди Стамбеков.
Ал 2023-жылдын 21-25-августунда Бишкекте Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун онкологиялык ооруларды көзөмөлдөөнү жакшыртуу боюнча миссиясы өткөнүн кошумчалады.