Бишкекте тик учактын кулаган учуру видеого түшүп калган

Тик учак бүгүн саат 10:55те борбор калааын четинде кырсыктаган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкекте тик учактын кулаган учуру видеого түшүп калган.
Кадрдан тик учак жерге кулагандан кийин бир топ жерге чейин сүрүлүп барганын көрүүгө болот.
Бүгүн саат 10:55те Ми-8МТВ үлгүсүндөгү тик учак окуу-машыгуу учурунда Бишкектин четине кулаган. Бортто 11 адам болгон. Алардын бирөө каза таап (экипаждын командири), 10у жаракат алган.
Окуядан улам Абадан коргонуу күчтөрүнүн кызматтык адамдары иштен убактылуу четтетилди. Ведомство мындай кадам объективдүү иликтөө жүргүзүү үчүн жасалганын кабарлады.
Бишкекте кулаган тик учак: жабыркаган аскерлердин саны көбөйдү