Пенсиянын топтомо бөлүгүн кимдер кайсы учурда ала алат? Жол-жобосу

Пенсиянын топтомо бөлүгүн оор дартка кабылган адам жана алардын үй-бүлөсү алса болот.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Социалдык фонду пенсиянын топтомо бөлүгүн кимдер кандай учурда ала аларын түшүндүрдү.
Пенсиянын топтомо бөлүгүн ала алчулар:
Пенсия курагына жеткендер
Чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөдөн тышка чыкканда. Туруктуу жашоо үчүн Кыргызстандан башка мамлекетке кеткен же кетип жаткан жарандар жеке камсыздандыруу эсептеринде сакталган пенсиялык топтомолорун алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Мураскорлор
Эгер каза болгон жаран көзү тирүүсүндө камсыздандырылса, анда эсебиндеги топтолгон каражатты маркумдун мураскорлору алууга укуктуу.
Аскер кызматкерлери
Аскер кызматкерлери 63 жашка чыгып, мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун эсебинде каражаты болсо топтомо бөлүгүн ала алышат. Аскер кызматкерлери Соцфондго камсыздандыруу төгүмдөрүн аскердик кызмат өтөө мезгилинде чегербейт. Бул мүмкүнчүлүк аскердик кызматка чейин же андан кийин башка жумушта иштеп жүргөн учурда төлөм аткарып жүргөндөргө тиешелүү.
Ипотекалык насыя алгандар же алып жаткандар
Ипотекасы барлар пенсиясынын топтомо бөлүгү 50 миң сомдон ашкан учурда аны ипотекага төлөө үчүн ала алышат. Бул жерде ипотека күйөөсүнө катталган болсо аялы, же тескерисинче, аялына катталса күйөөсү ала алат.
Таптакыр жумушу жок калгандар
Расмий түрдө жумушсуз деп таанылган адамдар калктын жашоо минимумунун өлчөмүн эске алып пенсиялык топтоо каражаттарын ала алышат.
Айыккыс дартты дарылоо үчүн
Оор дартка кабылган жарандар жана алардын үй-бүлөлөрү дарыланууну каржылоо үчүн пенсиялык топтомо каражаттарын мөөнөтүнөн мурда алса болот (оор дарттардын тизмеси).
Соцфонд эмдиги жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 7%га көтөрүүнү пландоодо