ӨКМ денени үшүк алуудан коргой турган эрежелерди эскертти

Денени үшүк алгандагы белгилер: сезгичтик жоголот, ачышат, сайгылашат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги денени үшүк алуудан, катуу үшүп калуудан сактануу жолдорун айтты.
Ага ылайык, адам эң алгач кан айланууну камсыздоочу кан тамырларды коргоо үчүн башты жана моюнду жылуу кармашы керек.
"Ызгаарга туруштук берүү үчүн сыртка чыгарда жакшылап тамактаныңыз. Анткени ачкалык адамдын организминин суукка туруштук берүүсүн кыйындатат. Алкоголдук ичимдиктер адамдын суукту сезүү мүмкүнчүлүгүн төмөндөтөт. Ал эми тамеки тартуу кан тамырлардын ичкерүүсүнө алып келип, кан айланууну басаңдатат. Андыктан алкоголдук ичимдиктерден жана тамеки тартуудан алыс болуңуз", — дешти министрликтен.
Абанын температурасы –15 градустан төмөндөгөндө денени үшүккө алдырбоо үчүн сак болуу керек. Бул үчүн жылуу, нымдашпаган, суу өтпөгөн кийимдерди кийүү туура.
Денени үшүк алгандагы белгилер: үшүк алган бөлүктөрдүн сезгичтиги жоголот, ачышат, сайгылашат.
Үшүктүн үч даражасы бар:
1. Теринин үшүк алган бөлүгү кубарып кетет;
2. Денеде ыйлаакчалар пайда болот;
3. Дененин үшүк алган бөлүгү көгөрүп калат.
Экинчи жана үчүнчү даражадагы белгилер байкалса үй шартында дарыланбастан, токтоосуз дарыгерге кайрылуу керек. Биринчи даражадагы үшүктүн белгилери болсо үшүк алган жерге калың марли же пахта коюп, клеенка менен таңуу сунушталат.
Үшүк алган кол, бутту жылуу сууга салып да жылытса болот. Суунун температурасын +20 градустан жогорулатуу менен +40 градуска чейин жеткирүү зарыл. Андан соң ысык чай же суусундук ичип жылуу жатыңыз.
ӨКМ дененин үшүк алган бөлүгүнө жасоого болбой турган эрежелерди да айтты.
"Көпчүлүк теринин үшүк алган жерлерин сүртүү жардам берет деп ойлойт, бирок бул туура эмес. Анткени сууктан улам кан тамырлар морт болуп калат, аны сүрткүлөгөндө зыян келүүсү мүмкүн. Ошондой эле үшүк алган бутту тез жылытууга болбойт, себеби жабыркаган ткандардын калыбына келүү процессин начарлатат", — деп айтылат министрликтин кеңешинде.
Үшүбөйсүң, 100 грамм ичип ал! Кышында сууктан сактануудагы жаңылыш ойлор