БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Кыргызстандын биатлон жана тоо лыжасы боюнча улуттук курама командасы Түштүк Кореянын IV Өспүрүмдөрдүн кышкы олимпиадасына катышат. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
"Конвон — 2024" оюндары 19-январдан 2-февралга чейин өтөт. Өлкөнүн намысын коргой турган спортчулардын тизмеси:
Тимур Шакиров — тоо лыжасы боюнча;
Альбина Иванова — тоо лыжасы;
Артур Сапарбеков — биатлон;
Игорь Борисов — машыктыруучу;
Александр Левданский — машыктыруучу.
Белгилей кетсек, аталган мелдешке 70 өлкөдөн 1 800 спортчу катышат. Алар спорттун жети түрүнөн 15 дисциплинада жарышат. Тагыраагы, биатлон, бобслей, тоо лыжасы, керлинг, коньки жарышы, лыжа жарышы, трамплинден секирүү, чана спорту, скелетон, муз үстүндө бийлөө, фристайл, шорт-трек, хоккей боюнча катышат.