Бир адам каза таап, сегизи жаракат алды. Тик учак боюнча жаңы маалымат берилди

Буга чейин коргоо министри бир адам каза болуп, жетөө жаракат алганын кабарлаган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Тик учак кырсыгынан улам бир аскер кызматкери каза таап, сегизи жаракат алды. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.
Буга чейин коргоо министри бир адам каза болуп, жетөө жаракат алганын айткан.
Маалыматта бүгүн, 17-январда, Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн №23565 аскердик бөлүгүнүн аймагында окуу-машыгуунун жүрүшүндө Ми-8МТВ кырсыктаганы белгиленди.
"Окуянын кесепетинен бир аскер кызматкери каза таап, сегиз адам жаракат алган. Учурда төртөө реанимацияда, бирөөнүн абалы оор, төртөө орточо оор абалда ооруканада жатат", — деп айтылат маалыматта.
Коргоо министрлиги окуянын чоо-жайын иликтей баштады.
Кырсык боюнча Sputnik тексттик трансляция жүргүзүп жатат.
Бишкекте кулаган Ми-8 тик учагынын сүрөтү тарады