Бишкекте кулаган Ми-8 тик учагынын сүрөтү тарады

Бишкектеги Ми-8 тик учагы. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкекте кулаган Ми-8 үлгүсүндөгү тик учактын сүрөтү интернетке тарады.
Алдын ала маалымат боюнча, аба техникасы Фрунзе-1 аймагына саат 10:55те кулаган. Анын кесепетинен аскердик тик учактагы экипаждын командири каза болгонун коргоо министри Бактыбек Бекболотов билдирди. Жабыркаган жети адам ооруканага жеткирилген.
Адистер "кара ящикти" алып чыгып, кылмыш иши козголду.
Окуя боюнча Sputnik тексттик трансляция жүргүзүп жатат.
МИ-8 тик учагы. Архив
Бишкекте кырсыктаган тик учак. Коргоо министрлигинин маалыматы