Көлбаевден алынган эки машина УКМК менен Президенттин иш башкармалыгына берилди

Автоунаалардын бири аукциондо 25,5ке, экинчиси 1,1 миллион сомго бааланган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Кримтөбөл Камчы Көлбаевге таандык эки автоунаа УКМК менен Президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги тастыктады.
2019-жылкы Kia X-Line автоунаасы
Эске салсак, өткөн жылдын ноябрь айында Көлбаевге тийиштүү алты автоунаа аукционго коюлуп, бирок сатып алуучулар табылган эмес. Көлбаевдин мүлкү өз калоосу менен өткөрүп берүү келишиминин негизинде аукционго коюлган. Документке үй-бүлө мүчөлөрү кол койгон.
2019-жылкы Kia X-Line УКМКга берилди. Буга чейин коюлган аукциондо 1,1 миллион сом суралып, бирок сатып алуучулар табылган эмес.
2017-жылкы Mercedes-Benz S600 25,5 миллион сомго бааланган.
Калган төрт автоунаа экинчи ирет аукционго коюлду.
Бийлик Көлбаевдин автоунааларын сатыкка тергөөсүз койгонун түшүндүрдү