Бишкекте кулаган тик учак: жабыркаган аскерлердин саны көбөйдү

Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, тик учак кырсыгынан 10 адам жабыркап, дагы бирөө (экипаждын командири) каза тапты.
Бүгүн, 17-январда, Ми-8МТВ үлгүсүндөгү тик учак окуу-машыгуу учурунда кулаган.
"Бир жоокер каза тапты. Төртөө реанимацияда, экөө оор абалда, дагы алтоонун абалы орточо оор деп бааланууда", — деди министрлик.
Кырсык боюнча Sputnik тексттик трансляция жүргүзүп жатат.
Бишкекте кулаган Ми-8 тик учагынын сүрөтү тарады