Бишкекте аскердик тик учак кырсыктады. Бир адам каза болгону айтылууда

Тез жардам кызматы маалыматты тастыктап, медиктердин эки бригадасы иштеп жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкекте МИ-8 үлгүсүндөгү аскердик тик учак кыйрады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга ишенимдүү маалымат булак кабарлады.
Алдын ала маалымат боюнча, тик учак саат 10:55те Фрунзе-1 аймагына кулаган. Бир нече адам жабыркап, бирөө каза тапканы белгилүү болду.
Тез жардам кызматы маалыматты тастыктап, медиктердин эки бригадасы иштеп жатканын айтты.
Окуя боюнча Sputnik тексттик трансляция жүргүзүп жатат.
Казакстанда жер оюлуп, адамдар бараткан автобус 150 метр тереңдикке түшүп кетти