БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Аскердик МИ-8МТВ үлгүсүндөгү тик учак кулагандан кийин Абадан коргонуу күчтөрүнүн кызматтык адамдары иштен четтетилди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ведомство мындай кадам объективдүү иликтөө жүргүзүү үчүн жасалганын кабарлады.
Ал эми Sputnik Кыргызстандын ишенимдүү маалымат булактары Абадан коргонуу күчтөрүнүн жетекчиси Кылычбек Айдаралиев жана анын кол алдындагы бир кызматкер иштен четтетилгенин маалымдады.