Министр: 22 миң адам эмдөөдөн өтпөй коюп, тогуз бала кызамыктан каза болду

Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. 22 миң адам эмдөөдөн өтпөй коюп, тогуз бала кызамыктан каза болду. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев парламентте билдирди.
Ал ата-энелердин эмдөөдөн баш тартышы чоң көйгөй болуп жатканын белгиледи. Негизи алар сасык тумоо, COVID, кызамык, кызылча жана гепатитке каршы вакцина алышы керек болчу.
Ошондой эле министр дүйнөдө COVID күчөп жатканын, ал Кыргызстанга да келгенин кошумчалады. Ошондуктан өзү кошумча эмдөөдөн өткөнүнүн айтты. Аны менен катар депутаттарды дагы вакцина алып элге үлгү болууга чакырды.
Бейшеналивдин айтымында, ийне сайдыруудан баш тартуу диний ишенимдерге байланыштуу. Бул боюнча министрлик муфтият менен биргеликте иш жүргүзүүдө.
Радио
Былтыр кызамык менен ооругандардын саны 7000ге чукулдады