БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. УКМК үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүүгө жана алдамчылыкка айыпталган кишини кармады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
М.Т. аттуу жаран УКМКга арыз менен кайрылган. Ал жолдошу тарабынан сабалгандан кийин ооруканага түшкөнүн билдирген.
"Р.У.Н. үй-бүлөлүк чыр-чатактардан улам жубайынын ден соолугуна залал келтирип, моралдык-психологиялык басым жасап келген. Ал ошондой эле аялынын туугандарынын ишенимине кирип 30 миң доллар алган. Бирок кийин кайтарып берген эмес. Бул боюнча кылмыш иши козголду", — деп айтылат маалыматта.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Аялды сабоо фактысы боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды.