"Салык чек" лотереясынын жеңүүчүлөрү байгелерин качан алары айтылды

Салык кызматы телефон чалып куттуктап байге үчүн акча которууну суранган шылуундардан сак болууга чакырат. Байгелер акысыз жана салык төлөөсүз берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Лотереянын жеңүүчүлөрү эрежелерди бузбаса утуштарын сөзсүз алышат. Тынчсызданууга негиз жок. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, учурда ведомстволор аралык көз карандысыз комиссия жеңүүчүлөрдүн лотереянын шарттарын жана талаптарын бузган-бузбаганын текшерип жатат.
Лотереяга катышуунун шарттары "Салык чек" мобилдик тиркемесинин "Тасма" бөлүмүнө жайгаштырылган.
Эскерте кетсек, 2023-жылдын 25-30-декабрында 1 244 баалуу байге ойнотулган. Анын ичинде 10 батир, 11 электромобиль жана чет өлкөгө төрт жолдомо бар.
Салык кызматы телефон чалып куттуктап байге үчүн акча которууну суранган шылуундардан сак болууга чакырат. Байгелер акысыз жана салык төлөөсүз берилет.
"Салык чек" лотереясынын ордуна башка акция уюштурулмай болду