Коюу тумандан улам Ошто рейстер кармалып, кээси токтотулууда

Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Ош шаарындагы аба ырайынан улам Бишкек — Ош авиакаттамы кармалууда. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, шаарга туман түшкөндүктөн аталган каттамдын убактысы жылдырылган, бирок качан учары белгисиз. Мындан тышкары, Ош — Стамбул каттамы да токтотулганы кошумчаланды.
Учуу убактылары тууралуу кошумча маалымат берилет.
Сууктайт. Бир жумага карата аба ырайы