Кыргызстан менен Тажикстан дагы 38,3 чакырым жерди макулдашты

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.
Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстан дагы 38,3 чакырым жерди макулдашты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Өкмөттүк делегациялардын жумушчу тобунун жолугушуусу Баткенде өттү.
"Жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 38,35 чакырымын макулдашышты. Тараптар Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантышат", — деп айтылат маалыматта.
Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.
Эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын узундугу 972 чакырымды түзөт. Өткөн жылдын август айына карата чек аранын 290 чакырымы макулдашылбаган бойдон калган. Андан бери ар бир жолугушуудан кийин участоктордун такталганы айтылууда.
Ташиев Баткенде Ятимов менен жолугуп чек ара маселесин талкуулады