Коронавирус мурдагыдай коркунуч жаратпай, салыштырмалуу жеңил эле өтүүдө. Бул тууралуу Султан Суранбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган илдетке көпчүлүктө имунитет калыптанып калган.
"Жалпысынан алганда сасык тумоо, коронавирус сыяктуу курч респиратордук оорулардын баары инфекциялардын тобу болуп эсептелет. Анын баары мониторингделип, байкоо жүргүзүлүп турат. Учурда бейтапканага кайрылгандардын 34 пайызын реновирус, парагрипп 24 пайыз, респиратордук-синцитиалдык вирус 20 пайыздын тегерегин түзүүдө. Калган респиратордук вирустар 15-20 пайыздын тегерегинде. Соңку эки-үч жылдан бери өлкөдө сасык тумоонун А тиби катталууда. Анын 491 учуру аныкталган. 2023-жылы коронавирустун 491 учуру лабораториялык жактан тастыкталды. Ал эми 2024-жылдын биринчи жумасында бир учур аныкталды. Башкача айтканда, коронавирус өткөн жылдарга салыштырмалуу өтө эле аз. Мындан тышкары, коронавирустун жаңы мутация болгон түрлөрү дагы аныкталган жок. Коронавирустун мутацияланып, акыркы катталганы "омикрон" болду. 2021-жылдан баштап өлкөдө коронавируска каршы эмдөө башталып, 1 миллион 700 миңден ашуун адам алды. Калктын 60 пайыздан ашууну бул илдетке чалдыкты. Мындан улам коронавируска иммунитет калыптанып, жеңил өтүүдө. Башкача айтканда, бул оору анчалык деле коркунуч жаратпайт", — деди Суранбаев.
Ошондой эле ал окуучулардын каникулу учурунда ооруканага кайрылгандардын саны 40 пайызга басаңдай түшкөнүн кошумчалады.